Жыйынга Төрага Марлен Маматалиев баштаган депутаттар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Кеңешти алып барган депутат Камила Талиева Эмгек уюмунун № 190 конвенциясын ишке ашыруу жаатындагы сунуштары менен бөлүшүп, тактап айтканда эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана куугунтукту жоюу багытындагы жагдайдарга токтолду.

«Аталган конвенция Кыргыз Республикасы үчүн жөн гана эл аралык макулдашуу эмес. Бул жарандарыбызга коопсуз, татыктуу жана зомбулуксуз эмгектенүү укугун камсыз кылууга чоң түрткү берген документ» — деген депутат конвенцияны ратификациялоого көмөк көрсөткөн Төрага Марлен Маматалиев баштаган кесиптештерине, Министрлер кабинетинин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө да ыраазычылыгын билдирди.

Ошону менен катар конвенцияны ишке ашыруу үчүн убактылуу нускаманын маанилүүлүгүн баса белгилеген Камила Талиева:

«Ал документ конвенциянын жоболорун ишке ашыруунун практикалык куралы болуп, жумушчулардын укуктарын коргоонун түшүнүктүү жана жеткиликтүү механизмин камсыз кылышы керек»

— деди.

Андан сырткары, эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана коркутууну аныктоо боюнча улуттук изилдөө да өтө зарыл экенин айткан депутат:

«Ишенимдүү маалыматтарсыз натыйжалуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу мүмкүн эмес. Изилдөөнүн жыйынтыктары мындан ары мыйзамдарды, алдын алуу чараларын жана жабыр тарткандарды коргоо механизмдерин өркүндөтүүнүн негизи болуп берет»

, — деп кошумчалады.

Жыйында мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү да баяндама жасап, сунуш-пикирлер талкууланды.