Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мугалимдерди тандоо сынактын негизинде жүргүзүлөт. Билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө министр курулуш иштеринин жүрүшү жана окуу кабинеттеринин абалы менен таанышты.

Жаңы окуу жылында Таластагы филиал 7—8-класстарга кабыл алынган 96 окуучу үчүн өз эшигин ачат. Лицей жалпысынан 920 окуучуга ылайыкталган. Ошондой эле 168 орундуу жатакана каралган.

Белгилей кетсек, дагы бир филиал Манас шаарында ачылат.

Зээндүү балдар үчүн «Акылман» биринчи президенттик лицейи 2023-жылы Чолпон-Ата шаарында ачылган.