Лондондун ICE биржасында октябрь айында жеткирилүүчү Brent үлгүсүндөгү мунай фьючерсинин баасы 30-июлдан бери биринчи жолу баррелине 92 доллардан ашты.

Кечээ, Бишкек убактысы боюнча саат 7:50гө карата Brent мунайынын наркы 1,13 пайызга өсүп, баррелине 92,05 долларды түздү.

Саат 8:08ге карата Brent мунайынын баасынын өсүшү басаңдап, баррелине 91,9 долларды түздү (+0,97 пайыз). Ошол эле учурда сентябрь айында жеткирилүүчү WTI үлгүсүндөгү мунай фьючерсинин баасы 1,46 пайызга өсүп, баррелине 84,96 долларга жетти.

Белгилей кетсек, баалар АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжалдын жана азырынча тынчтык жолу менен жөнгө салууга болгон натыйжасыз аракеттердин фонунда өсүүдө.