КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматы боюнча, бөлүнүп берилген квоталык орундарга талапкерлерди тандоону Ош мамлекеттик университети жүргүзөт.

Бул жылы кыргызстандык абитуриенттерге бакалавриаттын төмөнкү багыттары боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгү берилет:

мектепке чейинки билим берүү — 4 орун;

компьютердик инженердик долбоорлоо — 4 орун;

суу чарбасы жана мелиорация — 2 орун;

экология жана айлана-чөйрөнү коргоо — 2 орун;

курулуш инженердик долбоорлоо— 4 орун.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер анкетти, орто жалпы же орто кесиптик билими тууралуу дипломдун же аттестаттын көчүрмөсүн, паспорттун көчүрмөсүн, орус тилиндеги белгиленген формадагы медициналык маалымкатты, ошондой эле 3,5 × 4,5 сантиметр өлчөмүндөгү алты даана сүрөттү сунушташы керек.

Сынактык тандоонун алкагында талапкерлер тандап алган окутуу тилин билүү деңгээлин көрсөтүп, эки профилдик предмет боюнча сыноолордон өтүшү зарыл. Сынак 5 баллдык система менен бааланат.