19-августка караган түнү «Ала-Тоо» аянтында өспүрүмдөр мушташа кетишкен.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуяга катышкандардын баары такталып, жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнин № 5 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция кызматкерлери тарабынан окуянын чоо-жайын аныктоого багытталган зарыл болгон бардык чаралар токтоосуз көрүлгөн. Жашы жете электер менен тиешелүү профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жашы жете электердин ата-энелерине карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесине («Ата-энелик милдеттерден качуу») ылайык протоколдор түзүлүп, тиешелүү айып пулдар салынды.

Кийинчерээк жашы жете электер ата-энелерине же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилет.