Тендерде жалпысынан 14 лот көрсөтүлгөн:

массалык түшүм жыйноо үчүн атайын техника,

селекциялык иштер, үрөн тазалоо, тоют даярдоо жана кызматкерлерди ташуу үчүн адистештирилген машиналар,

селекциялык жана тилкелик иштер үчүн чакан өлчөмдөгү сыноо комбайны,

дан тазалоочу машиналар, үрөн тазалоочу машиналар, эки пресс-подборщик, үрөн сепкич жана культиватор.

Ошондой эле 6,2 миллион сомго кондиционери бар жүргүнчү ташуучу микроавтобус сатып алуу пландалууда.

Жеткирүүчү техниканы алып келүү менен гана чектелбестен, аны андан ары тейлөөнү да камсыз кылышы керек.

Билдирмелер 2026-жылдын 7-сентябрына чейин кабыл алынат.