- В новом учебном году в школах Кыргызстана будут учиться более 1 миллиона 586 тысяч детей.
- Заместитель председателя Кабинета министров Улан Маматканов сообщил о подготовке школ и детских садов.
- В 2023 году будет реализован второй этап перехода на 12-летнее школьное образование.
- Учащиеся 3-х и 8-х классов начнут обучение по новым учебным программам и учебно-методическим комплексам.
- На совещании обсуждались вопросы строительства, капитального ремонта и оснащения учебных заведений.
Жыйындын жүрүшүндө мектептердин жана бала бакчалардын даярдыгы, педагогикалык кадрлар, окуу китептери жана зарыл жабдуулар менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Жаңы окуу жылында Кыргызстандын мектептерине 1,5 миллиондон ашык бала барат
Билим берүү объектилеринин курулушунун жүрүшүнө, аларды пайдаланууга берүү мөөнөттөрүнө, ошондой эле мектептерде жана бала бакчаларда капиталдык оңдоо жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Улан Маматканов жаңы окуу жылында республиканын мектептеринде 1 млн 586 миңден ашык бала билим аларын белгиледи.
Анын айтымында, жаңы окуу жылынын негизги өзгөрүүлөрүнүн бири 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүүнүн экинчи этабын ишке ашыруу болот. Быйыл 3-класстын жана 8-класстын окуучулары жаңы окуу программалары жана окуу-методикалык комплекстер боюнча окууну башташат.
Улан Маматканов окуу жайларынын жаңы окуу жылына толук даярдыгын камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына мектептердин жана бала бакчалардын тиешелүү даярдыгын өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий