Лицей 360 окуучуга ылайыкталган. Долбоор 410 орундуу жатакананы, мугалимдер үчүн турак жайды, лабораторияларды, китепкананы, 25 метрлик бассейнди, спорт залын жана стадионду камтыйт.

Эске салсак, башында объекттин сметалык баасы 2,1 миллиард сомдон ашып, бир квадрат метринин курулушу 1 миң 103 долларга бааланган.

Долбоорду кайра карап чыккандан кийин чарчы метринин баасы 750 долларга чейин, ал эми жалпы сметасы 1,7 миллиард сомго чейин арзандатылган. Министрликтин маалыматы боюнча, бул 443,5 миллион сомду үнөмдөөгө шарт түздү.

Учурда объектте курулуш-монтаждоо иштери аяктап жатат.

«Акылман» президенттик лицейи 2023-жылы өлкөнүн ар тарабынан келген зээндүү балдарды окутуу үчүн түзүлгөн. Макамдагы биринчи мекеме Чолпон-Ата шаарында ачылган. Окуучулардын окуусу, жатаканасы жана тамак-ашы акысыз камсыз кылынат. Ал эми кабыл алуу сынактын негизинде жүргүзүлөт. Жаңы окуу жылынан тарта лицейдин филиалдары Манаста жана Таласта иштей башташы керек.