Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чарага байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында жеңил унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

«Анын алкагында Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна чейин жана Кырчын жайлоосунан Григорьевка айылына чейин жол убактылуу бир тараптуу багытта уюштурулат», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жеңил унаалар үчүн атайын унаа токтотуучу жайлар төмөнкү жерлерде уюштурулат:

Байет айылы — «Чайка» эс алуу жайы;

Григорьевка айылы — муниципалдык чарбанын короосу;

Григорьевка айылы — мектептин спорт аянтчасы;

Жаркынбай айылынын түштүк тарабы, кире бериш бөлүгү.

Жарандарга жеке унаалардын ордуна коомдук транспортту пайдалануу сунушталат. Коомдук транспорт менен жүрүү акысыз.

ЖКККББ бардык жарандарды жол кыймылынын убактылуу өзгөрүүлөрүн эске алып, жол белгилеринин талаптарын так сактоого жана коомдук транспортту пайдаланууга чакырат.