«Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий өнөктөшү болду. Өнөктөштүктүн алкагында Кырчын капчыгайындагы этношаарчада «Евразиянын» боз үйү иштеп, анда оюндардын коноктору үчүн интерактивдүү программа уюштурулат.
Келгендерди улуттук оюндар, презентациялар, мастер-класстар, интерактивдүү иш-чаралар жана маданият, салт-санаа жана заманбап диалог темаларын камтыган атайын программалар күтөт.
«Евразиянын» боз үйү масштабдуу «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасында жайгашат. Быйыл Кырчын капчыгайына 500гө жакын боз үй тигүү пландалууда. Этношаарча бир күндө 100 миңге чейин конок кабыл ала алат.
Ошондой эле Кырчында улуттук спорттун түрлөрү, жаа атуу, ордо, салбурун, ат оюндары боюнча көрсөтмөлүү оюндар жана мелдештер өтөт. Мындан тышкары, этно ырлар боюнча сынактар жана акындардын айтышы уюштурулат.
«Евразиянын» боз үйү — коноктор жөн гана көрүп кетпестен, түрдүү программаларга өздөрү да катыша ала турган жай болот.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Негизги маданий-этнографиялык программа Ысык-Көл облусунда, анын ичинде Кырчын жайлоосунда уюштурулат.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий