«Эгерде жол чырактын негизги жашыл жарыгы күйүп турса, анда бардык багыттар боюнча: түз, оңго, солго жана артка бурулууга уруксат берилет», — деп белгилешти Бишкек шаардык МКККБнын басма сөз кызматынан.
Ведомстводон билдиришкендей, негизги жол чырактын жанында жайгашкан кызыл тегерек белги кошумча секциянын бар экенин гана билдирет. Ошондуктан, негизги жашыл белги күйгөндө бардык багыттар боюнча жүрүүгө уруксат берилет. МКККБдан мындай светофорду контурдук светофор менен чаташтырбоо керектигин баса белгилешти. Акыркысында жүрүүгө уруксат берилген багыттарды көрсөткөн жебелер бар.
Айдоочуларды кунт коюп көңүл бурууга жана Жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырышты.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий