Башкы фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгашат. Ал эми калган 11 фан-зона шаардын бардык төрт районунда ачылат. Ал жерде Көчмөндөр оюндарынын ачылышынын жана ШКУ саммитинин негизги иш-чараларынын түз эфирде көрсөтүлөт.

«Тунгуч» кичи районундагы «Тунгуч-1» сквери;

«Ак-Өргө» конушундагы «Ашар» паркы;

«Жал» кичи районундагы «Муун» сквери.

Кокчетав жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ч. Түлөбердиев атындагы парк;

Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорттук комплекс;

«Ак-Босого» конушундагы Чүй көчөсү, 52 дарегинде жайгашкан сквер.

Үсөнбаев көчөсү, 200/1 дарегиндеги «Алга» спорттук комплекси;

«Чыгыш-5» кичи району, 1а дарегинде жайгашкан № 66 орто мектеби;

Энесай 1-көчөсү, 1 дарегиндеги № 21 орто мектеби.

Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, трансляциялар башталганга чейин аянтчаларда концерттер өтөт. Мындан тышкары, шаар бийлиги фотозоналарга, көргөзмөлөргө, фуд-кортторго жана эс алуу зоналарына уюштуруу жумуштарын жүргүзөт. Шаардыктар жана борбор калаанын коноктору үчүн улуттук оюндар бар аянтчалар даярдалат.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы «Бишкек Арена» стадионунда орун алат, ал эми негизги мелдештер Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт. Бишкектеги ШӨУ саммити 31-август жана 1-сентябрь күндөрүнө пландаштырылган.