БУУнун Башкы Ассамблеясы 2028-жылды Эл аралык укук жылы деп жарыялады
БУУнун Башкы Ассамблеясы 2028-жылды Эл аралык укук жылы деп жарыялоо жөнүндө резолюция кабыл алды. Муну менен эл аралык укуктун тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу, көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоодогу жана мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүдөгү ролу андан ары ырасталды.