ТҮРКСОЙ 2028-жылды түрк дүйнөсүндө Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоону сунуштады
ТҮРКСОЙ эл аралык түрк маданияты уюму Кыргызстандын Министрлер Кабинетине 2028-жылга карата эки демилге менен кайрылууну көздөп жатат. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев билдирди.