KӨZ News Hub
☀️ Бишкек 32° 💨 Бишкек
Солнечно
Температура: 32°C
Ощущается как: 24°C
Ветер: 24 км/ч W
Влажность: 37%
USD 87.45 сом Доллар США
1 USD = 87.45 сом
Без изменений за день
· EUR 99.69 сом Евро
1 EUR = 99.69 сом
Без изменений за день
· RUB 1.14 сом Рубль
1 RUB = 1.14 сом
Без изменений за день
· KZT 0.1868 сом Тенге
1 KZT = 0.1868 сом
Без изменений за день
· Brent $85.82 Нефть Brent (за баррель)
Цена: $85.82
Тренд: ▲ рост
· Алтын $4 027 Золото (за тр. унцию)
Цена: $4 027
Тренд: ▼ снижение

Результаты: Д.А.С.

Найдено 696 результатов

· 5 июня

Беларусь премьер-министри Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводго барды

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Бишкек санитардык полигонунун аймагына барды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Беларусь премьер-министри Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводго барды
· 2 июня

Адылбек Касымалиев Баткенде оорукана, завод жана жаңы айылдарды текшерди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапар менен Баткен облусуна барып, алгач Лейлек районундагы бир катар объектилерди текшерди.

Адылбек Касымалиев Баткенде оорукана, завод жана жаңы айылдарды текшерди
· 2 июня

Садыр Жапаров Бишкекте «Элдик банктын» жаңы имаратын ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Бишкек шаарында Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөөгө жана «Элдик банктын» жаңы башкы кеңсесинин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Садыр Жапаров Бишкекте «Элдик банктын» жаңы имаратын ачты
· 2 июня

Минкаб макулатураны сыртка сатууга тыюу салууну узартат

Министрлер Кабинети макулатураны жана кагаз продукцияларынын калдыктарын өлкө аймагынан сыртка экспорттоого киргизилген убактылуу тыюуну дагы алты айлык мөөнөткө узартууну сунуштоодо. Учурда тиешелүү документ коомдук талкуулоо стадиясында турат.

Минкаб макулатураны сыртка сатууга тыюу салууну узартат
· 2 июня

ЖРТга катышпай калган абитуриенттер үчүн тесттин кечиктирилген этабы жүргүзүлөт

Мектеп жана колледж бүтүрүүчүлөрүнүн бир бөлүгү ар кандай жүйөлүү себептерден улам белгиленген мөөнөттө Жалпы республикалык тестирлөөгө катыша албай калгандыгына байланыштуу, Билим берүү министрлиги жана Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борбору (БББОУБ) ЖРТнын кечиктирилген этабын жарыялайт.

ЖРТга катышпай калган абитуриенттер үчүн тесттин кечиктирилген этабы жүргүзүлөт
· 1 июня

Бүгүн Эл аралык балдарды коргоо күнү. Балдар жөнүндө кызыктуу фактылар

Балдар жашообузду күтүүсүз жана күлкү-кубанычтуу, ал тургай кээде жиндендирип, бактылуу кылууну билишет. Алар тазалыгы, дүйнөгө болгон ишеними жана ак ниети менен чоңдорду оңой эле тартып алышат. Дүйнөдө биздин жаңы төрөлгөн балабыздан өткөн назик, алсыз адам жок, аны колубузга алышыбыз керек. Бөбөктөр чынында укмуштуудай жөндөмдүү чүрпөлөр. Окумуштуулар чоңдор ымыркайлар жөнүндө билиши керек болгон кызыктуу фактыларды топтогон.

Бүгүн Эл аралык балдарды коргоо күнү. Балдар жөнүндө кызыктуу фактылар
· 29 мая

Бишкекте бир жарым жылдын ичинде эки жүзгө жакын жаңы турак жайлар пайда болду

Кыргызстандын борбору турак жай курулушу боюнча лидер болуп калды: 2026-жылдын алгачкы беш айында эле шаардын картасында дагы 48 жаңы турак жай комплекси пайда болгон. 2ГИС сервиси Кыргызстандын картасындагы 2025-жылдагы жана 2026-жылдын январь — май айларындагы өзгөрүүлөргө талдоо жүргүздү. Компаниянын маалыматы боюнча, бул убакыт ичинде өлкөдө 600дөн ашык турак үй курулган.

Бишкекте бир жарым жылдын ичинде эки жүзгө жакын жаңы турак жайлар пайда болду
· 29 мая

Ысык-Көл облусунда полиэтилен баштыктарын колдонууга каршы чаралар күчөтүлдү

Ысык-Көл көлүнүн экологиялык тазалыгын сактоо жана айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу максатында кезектеги алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Ысык-Көл облусунда полиэтилен баштыктарын колдонууга каршы чаралар күчөтүлдү
· 29 мая

Данияр Иманалиев: Беш жылда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДПнын өсүшү 16,6 пайызды түздү

Беш жылдын ичинде Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ИДПсынын жалпы өсүшү 16,6 пайызды түздү. Бул тууралуу журналисттерге Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев билдирди.

Данияр Иманалиев: Беш жылда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДПнын өсүшү 16,6 пайызды түздү
· 27 мая

Пайдалуу кеңеш: Кене чагып алса эмне кылуу керек?

Териге кирип кеткен кенени абдан этияттык менен алып салуу зарыл. Адегенде ага майлуу крем, вазелин же жөн эле өсүмдүк майын сүйкөшөт. Болжол менен 20 мүнөттөн кийин кенени кычкач менен кармап же жиптен илмек жасап байлап, акырындап эки жагына чайкап, өйдө карай тартып чыгарышат. Жараатты йоддун спирттеги эритмеси же башка антисептик менен тазалоо керек. Эгерде аны өз алдынча алып салуу мүмкүн болбосо, тез арада травматологиялык пунктка, бейтапканага же ооруканалардын кабыл алуу бөлүмдөрүнө к...

Пайдалуу кеңеш: Кене чагып алса эмне кылуу керек?
· 27 мая

Бишкекте Түрк кино күндөрү өтөт

3—7-июнь күндөрү Бишкек шаарында Түрк кино күндөрү маданий иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Бишкекте Түрк кино күндөрү өтөт
· 26 мая

Кыргызстанда курч ичеги-карын инфекциясына кабылгандар көбөйдү

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында курч ичеги инфекциясы менен ооруган бейтаптар үчүн кошумча дагы бир бөлүм ачылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына медициналык мекеменин башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Кыргызстанда курч ичеги-карын инфекциясына кабылгандар көбөйдү
· 25 мая

Быйылкы үч айда кыргыз балынын экспорту 78 тоннага өстү

2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстандан жалпы суммасы 37,3 миллион сомду же 426,6 миң долларды түзгөн 152,8 тонна бал экспорттолду. Бул көрсөткүч тышкы рыноктордо ата мекендик балга болгон суроо-талаптын өсүп жатканынан жана кыргызстандык аарычылардын экспорттук дараметинин кеңейгенинен кабар берет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Быйылкы үч айда кыргыз балынын экспорту 78 тоннага өстү
· 21 мая

Кытай менен Россия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүнүн дээрлик 60 пайызын ээледи

Кытай менен Россия Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүсүндө 58,2 пайызды түзөт. Бул тууралуу маалыматтар Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча отчетунда камтылган.

Кытай менен Россия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүнүн дээрлик 60 пайызын ээледи
· 21 мая

Британдык радиостанция жаңылыштык менен Король Карл III каза болгонун жарыялады

Британдык Radio Caroline радиостанциясы король Карл III каза болгонун жаңылыштык менен кабарлагандан кийин кечирим сурады. Бул окуя британ монархы каза болгон учурда радиостанциялар тарабынан колдонулуучу «Монарх» деп аталган протоколдун кокусунан ишке кирип кеткенинен улам келип чыккан. Станциянын жетекчиси Питер Мур протокол кокусунан активдешип кеткендиктен, Улуу даражалуу Королдун каза болгонун жаңылыш жарыялап алганын түшүндүрдү.

Британдык радиостанция жаңылыштык менен Король Карл III каза болгонун жарыялады
· 20 мая

Кореяда иштеген жүздөн ашык кыргызстандык бир жолку төлөмдөрдү алышты

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, айлыгынан улуттук пенсиялык тутумга чегерүүлөр кармалып турган Кыргызстандын жарандары мекенине кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышат. Бул тууралуу «Биринчи радио» угуусунда Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

Кореяда иштеген жүздөн ашык кыргызстандык бир жолку төлөмдөрдү алышты