Алдамчылыкка айыпталган жарандар АКШ жана Азербайжандан алынып келди
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгында эл аралык издөөдө жүргөн эки айыпталуучу Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.