Быйыл Кыргызстанда онго жакын сериал тартуу пландалууда
2026-жылы Кыргызстанда онго жакын сериал тартуу пландалууда. Бул тууралуу журналисттерге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
2026-жылы Кыргызстанда онго жакын сериал тартуу пландалууда. Бул тууралуу журналисттерге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Теннис, бадминтон жана футбол өмүрдүн узактыгын арттыруу жагынан эң пайдалуу спорттун түрлөрү болуп чыкты. Мындай жыйынтыкты даниялык окумуштуулардын 25 жылга созулган масштабдуу изилдөөсү көрсөткөн.
Ысык-Көл жана Соң-Көлдө өндүрүштүк балык уулоого киргизилген мораторийдин мөөнөтүн дагы үч жылга узартуу тууралуу президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга коюлду.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлик органдарын майыптыгы бар адамдардын укуктарын камсыздоого, инклюзивдүүлүк үчүн шарттарды түзүүгө жана Каракол шаарындагы майыптыгы бар жарандар жашаган авариялык абалдагы үйдү оңдоого чакырды. Бул тууралуу Акыйкачылык институнунан билдирди.
Алдыдагы жылытуу сезонунда электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болбошу керек. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге КР энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Кыргызстанда АЭС куруу маселеси калк менен бирге чечилет. Бул тууралуу бүгүн 24.kg агенттигинин суроосуна жооп берип жатып энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Биринчи Май райондук соту УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбековду 2-сентябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Ал уюшкан топтун кызыкчылыгында жасалган же оор зыян келтирген коррупцияга (КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү) айыпталууда. Ал кечээ жакында кармалган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тартып арыздарды кабыл алуу башталган «Бала ырысы» жаңы ай сайын берилүүчү жөлөкпулун дайындоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү даярдады.
Криштиану Роналду Португалия курама командасынын маалымат жыйынында учурдагы футбол боюнча Дүйнө чемпионаты анын карьерасындагы акыркысы болорун билдирди.
Кыргызстан тез медициналык жардам кызматы үчүн 150 унаа сатып алат. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов билдирди.
Францияда акыркы эки жумада өлкөдө өкүм сүргөн аномалдуу ысыктан улам миңден ашык өлүм катталды. Бул маалыматты Франциянын Улуттук коомдук саламаттыкты сактоо агенттигинин пресс-релизинде ырасташты.
Бишкекте Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишиндеги Сүймөнкул Чокморов жана Таттыбүбү Турсунбаева түшүрүлгөн мурал өчүрүлдү. Төлөмүш Океевдин «Кызыл алма» кинофильминен алынган бул сүрөт 2022-жылдын май айында пайда болгон.
Чүй облусунун Кегети капчыгайында дарыянын агымы алып кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 24.kg басылмасына билдиришти.
Япониянын жээктеринде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Төрт адам жабыркаганы кабарланууда.
Бишкектеги көрүстөндөрдүн саны 36га чейин көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңештин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында «Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасынын директору Кубат Курамаев билдирди.