Фото «Южно-Сахалинск» сейсмостанциясы. Япониянын жээктеринде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталды
Жер титирөө бүгүн эртең менен Иватэ префектурасынын жээгинде 44 чакырым тереңдикте болгон. Цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилген жок. Алгач жер титирөөнүн күчү 6,9 балл, ал эми тереңдиги 50 чакырым деп айтылган, бирок кийинчерээк бул маалыматтар кайра каралып чыкты.
Премьер-министр Санаэ Такаитинин билдирүүсүндө, Жапония өкмөтү жер титирөөнүн кесепеттерин баалоо үчүн маалыматтарды чогултуп жатат.
Буга чейин Венесуэлада дагы күчү 7,1 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Бийлик Пуэрто-Рико жана Виргин аралдары үчүн цунами коркунучун жарыялаган.
АКШнын Геологиялык кызматынын билдиришинче, Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 10 миңден 100 миң адамга чейин жетиши мүмкүн. Учурда Венесуэладагы зилзаладан 32 адам каза болуп, 700гө жакыны жабыркаганы белгилүү.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий