- В Венесуэле произошло землетрясение магнитудой 7,1 балла.
- Объявлена угроза цунами для Пуэрто-Рико и Виргинских островов.
- Число погибших может составить от 10 000 до 100 000 человек.
- Экономический ущерб оценивается в 2-20% ВВП страны.
- Введен режим чрезвычайной ситуации, международный аэропорт Каракаса закрыт.
АКШнын Геологиялык кызматынын билдирүүсүндө, Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 10 миңден 100 миң кишиге чейин жетиши мүмкүн. Курмандыктардын так саны азырынча белгисиз.
Бул табигый кырсыктан келтирилген экономикалык зыян өлкөнүн ИДПсынын 2 пайызынан 20 пайызына чейинки көлөмдү түзүшү мүмкүн экени белгиленүүдө. Өлкөнүн ыйгарым укуктуу президенти Делси Родригес Венесуэлада өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин билдирди.
Каракастын эл аралык аэропорту имараттын жабыркаганына байланыштуу жабылганын Reuters кабарлайт.
Ошондой эле жер титирөөдөн кийин өлкөдө интернеттин иштеши начарлаганын NetBlocks эл аралык мониторинг кызматы билдирди. Жер титирөө энергетикалык жана телекоммуникациялык инфраструктуранын ишине терс таасирин тийгизгени айтылууда.
Өлкөнүн ички иштер министри Диосдадо Кабельо жердин кайрадан силкинүү коркунучу бар экендигин эскертип, тургундарды көчөдө калууга чакырды.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий