Маркировка жоктугу. Өзбекстандан келген 650 килограмм колбаса артка кайтарылды
Ош облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Достук» чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунда Өзбекстандан ташылып келе жаткан 650 килограмм колбаса азыктарын Кыргызстан аймагына алып кирүүгө уруксат берилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.