«Кыргызнефтегазда» дээрлик бир миллиард сомдук мыйзам бузуулар табылды
КР Эсептөө палатасы 2025-жылдагы аудиттин жыйынтыгы боюнча «Кыргызнефтегаз» ААКында дээрлик бир миллиард сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталганын маалымдады.
КР Эсептөө палатасы 2025-жылдагы аудиттин жыйынтыгы боюнча «Кыргызнефтегаз» ААКында дээрлик бир миллиард сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталганын маалымдады.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз таштанды төгүүчү жай аныкталган.
Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1993-1997-жылдары мамлекеттик менчикте турган спорттук комплекстин аймагында жайгашкан, жалпы аянты 174,6 чарчы метрди түзгөн сүзүүчү бассейндин көмөкчү имараттары жеке тарапка мыйзамсыз өтүп кеткени аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Чүй облусунун Аламүдүн районунда мыйзам талаптарын бузуу менен жайгашкан 46 объект аныкталды.
Бишкекте «Кара-Куурай» операциясынын алкагында 3 тонна 500 килограмм жапайы кара куурай жок кылынды.
Өсүмдүктөрдү химизациялоо, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан Казакстандан келген 34 куб метр жыгач материалдары (пиломатериал) артка кайтарылды.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын кызматкерлери «Чалдыбар» өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан курама постто Казакстандан Кыргызстан аймагына коон партиясын алып кирүүгө бөгөт коюшту.
Ысык-Ата районунун прокуратурасы Үч-Эмчек айылындагы жер тилкеси менен кошо мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчаны мамлекеттик менчикке кайтарды.
Бишкекте 2008-жылы туулган 17 жаштагы Жыпара Сулайманкулова табылды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери өлкө аймагында кеңири масштабдуу алдын алуу рейдин өткөрүштү. Анын жыйынтыгында Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпысынан 3 миң 704 протокол түзүлдү.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылындагы аянты 20 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылганын билдирди.
Өзбекстандан ташылып келген пияз артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
2019-жылы коронавирус пайда кылган өзгөчө кырдаал сыяктуу жаңы глобалдык пандемиянын жайылуу ыктымалдыгы дайыма өсүүдө. Бул тууралуу БУУнун Жаңылыктар кызматы билдирет.
Африкада жайылып жаткан Эбола безгегинин Бундибугио штаммына каршы вакцинанын алгачкы клиникалык сыноолору башталды. Бул тууралуу Bloomberg билдирет.
Ош шаарында бир нече коомдук тамактануучу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Рейд учурунда комиссия санитардык талаптардын бузулушун жана продукциянын сапатын тастыктаган документтердин жоктугун аныктаган.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 15 жаштагы өспүрүм чөгүп кетти. Бул тууралуу облустук ИИБден билдиришти.