«Евразия» эл аралык сыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды
Кыргыз Республикасынын жарандары, маданият, билим берүү, медиа тармактарынын өкүлдөрү, коомдук жана ыктыярчылар уюмдары, ошондой эле коомдук мааниге ээ долбоорлордун авторлору жана командалары «Евразия» эл аралык сыйлыгына катышууга чакырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.