Пайдалуу кеңеш: Жайында азыраак тердөө үчүн эмне кылуу керек?
Ичүүчү суунун режимин көзөмөлдөө жана дайыма душка түшүп туруу жайдын ысык күнүндө тердин бөлүнүп чыгышын басаңдатууга жардам берет. Бул тууралуу «Газета.Ru» басылмасына дерматолог жана медицина илимдеринин доктору Юлия Галлямова билдирди.