УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков эки айга камакка алынды
Биринчи Май райондук соту УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбековду 2-сентябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Ал уюшкан топтун кызыкчылыгында жасалган же оор зыян келтирген коррупцияга (КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү) айыпталууда. Ал кечээ жакында кармалган.