Кыргызстандык мигрант Москвада пианинодо ойноп, соцтармакты багындырды
Социалдык тармактарда кыргызстандык мигрант Кадырбек Саттаровдун катышуусундагы видео популярдуулукка ээ болууда. Ал Москвадагы Ленинград вокзалында пианинодо «В мире животных» телеберүүсүнүн белгилүү музыкалык заставкасы болгон — «Alouette» («Торгой») композициясын аткарган.