«Тулпар Моторс» заводу бир жылда 3 миң унаа чыгарды
2025-жылы «Тулпар Моторс» автокуроо заводунда 2 миңден ашык Chevrolet автоунаасы өндүрүлдү. Башка бренддерди эсепке алганда, чыгарылган продукциянын жалпы көлөмү 3 миңге чукул бирдикти же айына орточо эсеп менен 250дөй унааны түздү. Бул тууралуу 24.kg басылмасына компаниядан билдиришти.