Соң-Көлдөгү рейд: Жайыттарда унаа айдагандар 66 миң сом айыпка жыгылды
Соң-Көл аймагында жайыттарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо боюнча жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам талаптарын одоно бузган 12 учур аныкталып, алар боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү. Натыйжада, жалпы суммасы 66 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.