Samsung Бишкекте бизнес үчүн өзүнүн алдыңкы иштелмелерин сунуштады
Samsung Electronics компаниясы Бишкек шаарында жыл сайынкы Partner’s Day жолугушуусун өткөрдү. Анын алкагында корпоративдик сегмент, чакан жана орто бизнес үчүн жаңы иштелмелерди тааныштырды. Иш - чара бизнес-процесстерди оптималдаштырууга жөндөмдүү болгон технологиялар менен таанышуу үчүн системдүү интеграторлорду, дистрибьютерлорду жана башка өнөктөштөрдү чогултту.