​ Дисплей чечимдери: чоң экрандар жана мониторлор

Быйылкы жылы бизнес-дисплейлер жана B2B-мониторлор линейкасына басым жасалды. Ири панелдер башкы хитке айланды: 115 дюйм өлчөмүндөгү QHFX жана 105 дюйм өлчөмүндөгү QPDX. Ишкерлер алардын жогорку өндүрүмдүүлүгүн, реалдуу түс берүүсүн жана ультра ичке корпусун белгилешти. Экрандарды тигинен(портреттик) орнотуу мүмкүнчүлүгү масштабдуу жарнама видеоконтентин жаратууга мүмкүндүк берип, ритейл үчүн жаңы горизонтторду ачат.

​Чакан жана орто бизнес үчүн ыңгайлуу башкарылуучу ырааттамасы жана контенти менен ТВ BEF бизнес модели, ошондой эле IEA сериясындагы ишенимдүү жарык диоддук LED-экрандар сунушталды. Мониторлор сегментинде OLED Safeguard+ экранды коргоо технологиясы менен Odyssey OLED G8 (4K QD—OLED, 240 Гц) 32 дюйм оюн дисплейи тааныштырылды. Ошондой эле бир клавиатура жана чычкан менен сүрөттүн эки булагын башкаруу үчүн KVM-которгучу менен жабдылган, ViewFinity S9 (32:9, Dual QHD) 49 дюйм ийилген B2B-мониторлору кызыгууну жаратты.

​ Мобилдик бизнес-чечимдер жана флагмандар

IP68 стандарты боюнча тастыктамадан өткөн, корголгон жаңы өнүмдөр өзгөчө көңүл бурдурду: Galaxy XCover7 смартфону жана Galaxy Tab Active5 планшети (коргоочу каптамы жана S Pen стилусу менен бирге жеткирилет). Бул түзүлүштөр курулуш аянтчаларынын, логистика борборлорунун жана кампалардын кызматкерлери үчүн алмашкыс. Galaxy AI жасалма интеллекти жана Samsung Galaxy S26 флагмандык сериясы менен таанышуу башкы окуя болду. Ал февраль айында жарыялагандан кийин алдын ала буйрутма кылуу эки эсе өстү.

Samsung Air Solutions бөлүмү комплекстүү климаттык экосистемаларды тааныштырды. Премиялык турак жай кыймылсыз мүлкү үчүн FJM мульти-сплит системаларынын базасындагы «One is enough» концепциясы сунушталды. Мында бир сырткы блок бешке чейинки ички түзүлүштөрдүн ишин камсыз кылат. Ири коммерциялык объекттер үчүн модулдук компоновка менен VRF (сериясы DVM) борбордук системалары көрсөтүлдү. Технологиялык хит катары 360° кассеталык блоктор жана өтмө шамал жок салкындыкты жумшак жайылтуучу WindFree™ Cooling технологиясы белгиленди. Киргизилген ЖИ системалардын энергиялык майнаптуулугун жана коопсуздугун камсыздайт.

​Бишкектеги Partner’s Day жолугушуусу актуалдуу санарип чечимдерди сунуштоо аркылуу Samsung компаниясы Борбордук Азияда B2B-сегментин колдоого жана өнүктүрүүгө басым жасай турганын тастыктады.