- В приложении «Менин шаарым» появилась функция «Түнкү каттамдар» для отслеживания ночных автобусов.
- Сервис разработан муниципальным предприятием «Центр цифровых технологий».
- Ночные рейсы выполняют автобусы №3, 13, 16, 19, 35, 45 и 55.
«Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде түнкү убакта каттаган автобустарды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү «Түнкү каттамдар» функциясы пайда болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кызмат «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыкты. Жаңы функция аркылуу колдонуучулар түнкү убакта каттаган коомдук транспорттун каттамдары тууралуу маалыматты ыкчам алып, өзүнө ылайыктуу маршрутту тандай алышат.
Учурда түнкү каттамдарды № 3, № 13, № 16, № 19, № 35, № 45 жана № 55 автобустары аткарууда.
Түнкү каттамдар тууралуу маалыматты көрүү үчүн колдонуучулар «Менин шаарым» тиркемесин ачып, «Транспорт» бөлүмүнө өтүп, андан соң «Түнкү каттамдар» кызматын тандашы керек
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий