- Президент Садыр Жапаров объяснил, куда направляются средства от разработки золоторудного месторождения Кумтор.
- С момента прихода Жапарова к власти общий доход Кумтора составил 5,1 млрд долларов, чистая прибыль превысила 2 млрд долларов.
- Половина выручки уходит на операционные расходы, остальное — чистая прибыль, поступающая государству.
- На эти средства строятся дома, школы, детские сады, ремонтируются дороги.
- За 5 лет построено 500 школ и детских садов, в прошлом году построено 1,5 тыс. км дорог, в этом году планируется 2 тыс. км.
Токтакунов Жапаров бийликке келгенден бери «Кумтөр» ишканасынын жалпы кирешеси 5 миллиард 100 миллион долларды түзгөнүн, ал эми таза пайдасы 2 миллиард доллардан ашканын белгиледи.
«Жакында интернеттен бирөө: «Кумтөр» биздики болду, бирок менин кашыгым алтынга айланган жок. Акча кайда кетип жатат?» — деп сурады журналист.
Бул суроо Президентти күлдүргөнү менен, ал «Кумтөрдүн» акчасы кайда жумшалып жатканына жооп берди.
«Эгерде «Кумтөрдөн» жылына 1 миллиард долларга алтын казылып алынса, анын жарымы кенди кармап турууга кетет. Алтын бекер казылбайт да. Башкача айтканда, бул каражаттын жарымы гана — таза пайда. Экинчи жарымы, кээде андан көп, кээде аз, кенди иштетүүгө, айлыкка, салыктарга, тетиктерге, соляркага жана башкаларга кетет. Калганы — таза пайда, ал түз мамлекетке түшөт», — деп түшүндүрдү мамлекет башчысы.
Андан ары ал бул пайда кайда сарпталып жатканын айтып берди. Анын айтымында, бул акчага Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу үйлөр, мектептер жана бала бакчалар курулуп, жолдор оңдолууда.
«МИК 3 миллиард долларга үйлөрдү куруп жатат. Бул акча кайдан? Эгер 30 жылда 100 мектеп курулган болсо, биз 5 жылда 500 мектеп жана бала бакча курдук. Бул көрүнүп турабы же жокпу? Бул кайсы акчага? Бул — «Кумтөрдүн» акчасы. Өткөн жылы 1,5 миң чакырым жол курдук, быйыл 2 миң чакырымга жеткирели деп жатабыз. Буга чейинки максималдуу көрсөткүч жайкы мезгилде 250 чакырым жол болгон — ал Бакиевдин тушунда эле. Ал эми биз эки миң чакырым курдук. Пенсия, жөлөкпулдарды көтөрүп жатабыз, туурабы? Мен келгенде минималдуу пенсия 700 сом болчу, азыр — 7 миң, жакында 8 миң 800 болот. Мунун баары «Кумтөрдүн» акчасы», — деди Садыр Жапаров.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий