Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы үч күндүн ичинде гана, 11-августтан 13-августка чейин адистер 6,8 миң метр эски синтетикалык торду жана 140 килограмм таштандыны алып чыгышкан.
Бул иш-чаралар Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана мыйзамсыз балык уулоонун кесепеттерин азайтууга багытталганы белгиленет.