Актриса өз кайрылуусунда боло турган эл аралык иш-чарага кызыгуусун билдирип, Кыргызстанга келүүнү, өлкөнүн маданияты жана каада-салты менен таанышууну, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кайталангыс атмосферасын сезүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилеген.

Бай Лин — Голливуддагы эмгеги жана көптөгөн эл аралык кинодолбоорлорго катышуусу менен кеңири таанымал болгон теги кытайлык актриса. Дүйнө жүзүндөгү көрүүчүлөргө ал «Тарп» (1994), «Кызыл бурч» (1997), «Анна жана падыша» (1999), «Такси 3» (2003), «Пельмени» (2004), «Асман капитаны жана келечектин дүйнөсү» (2004), «Адреналин 2: Жогорку чыңалуу» (2009) сыяктуу фильмдердеги ролдору аркылуу тааныш.

Көп жылдык карьерасында Бай Лин дүйнөлүк киноиндустриянын белгилүү өкүлдөрү менен кызматташып, ондогон көркөм фильмдерге жана телевизиялык долбоорлорго катышкан. Голливуд актрисасынын келиши Кыргызстанда ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүн, маданият, спорт жана искусствонун белгилүү ишмердерин, ошондой эле ардактуу конокторду чогулта турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы дагы бир жаркын эл аралык окуя болуп калат.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Оюндар салттуу спорт түрлөрүн, маданиятты, искусствону жана улуттук каада-салттарды бириктирип, дүйнөлүк коомчулукка көчмөн элдердин бай мурасын тартуулоого багытталган.