Марштын катышуучулары темир жол вокзалынын жанына чогулуп, мамлекеттик тууларды, курама команданын атрибутикаларын, баннерлерди көтөрүп, ураандарды чакыруу менен борбор калаанын көчөлөрүнөн колонна менен өтүштү. Иш-чаранын атмосферасы биримдикке, патриоттук сезимге жана футбол энергиясына сугарылды. Акцияга жаштар, үй-бүлөлөр, жигердүү фанаттар жана шаардын ар кайсы райондорунун тургундары катышты.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргызстандын улуттук курама командасы «Үч улуттун кубогу» мелдешине катышат.

3-июнда Кыргызстандын курамасы Кенияга каршы, ал эми 9-июнда Палестинага каршы ойнойт. Беттештер Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Оюндардын башталышы — саат 18:30да.