Анын айтымында, 2026-жылдын апрель айынын аягына карата насыя портфелинин көлөмү 569 миллиард 800 миллион сомду түздү. Жыл башынан бери насыялардын көлөмү 12 пайызга өскөн.

Азат Козубеков ошондой эле апрель айынын аягында депозиттердин көлөмү 924 миллиард сомду түзгөнүн белгиледи. Бул көрсөткүч жыл башынан бери 6,7 пайызга өскөн.

Депозиттерди долларлаштыруу деңгээли 18 пайызды, ал эми насыяларды долларлаштыруу болжол менен 12 пайызды түзөт.