Адистердин маалыматы боюнча, Кыргызстандын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык, жалпы суммасы 7 миллион 458 миң сомду түзгөн айып пул салуу тууралуу 495 токтом чыгарылган.

Мыйзам бузуулар четтетилгенге чейин 35 объекттин иши убактылуу токтотулду.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий күчүндө. Коомдук тамактануучу жайларды текшерүү арыздардын жана даттануулардын негизинде гана жүргүзүлөт. Жыл башынан бери борбор калаада массалык уулануунун бир нече учуру катталган.