- Депутат Дастан Бекешев обратился к главе кабмина с просьбой не менять режим обучения в школах.
- Закон о пятидневной учебной неделе был принят в 2018 году, но возникли проблемы с перегруженными школами.
- Депутат критикует перенос начала учебного года с 1 на 15 сентября из-за мероприятий в Бишкеке и Иссык-Куле.
- Минобразования предложило проект постановления, предусматривающий как пятидневную, так и шестидневную неделю.
«Мыйзам долбоору 2018-жылы кабыл алынган. Ал учурда Билим берүү министрлиги да бул идеяны колдогон, бирок балдар 3-4 нөөмөт менен окуган мектептерди беш күндүккө өткөрүүдө көйгөйлөр болгон. Бара-бара бул маселе басылган. Эми минтип арадан ушунча жыл өткөндөн кийин кайра ошол эле нерсеге кайтып келүү таптакыр туура эмес», — деп эсептейт депутат.
Дастан Бекешев ошондой эле биринчи коңгуроонун 1-сентябрдан 15-сентябрга жылдырылышы боюнча да пикирин билдирди.
«Муну ШКУнун жыйынын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү пландалып жатканы менен негиздеп жатышат. Бирок бул иш-чаралар Бишкекте жана Ысык-Көлдө гана өтөт. Ошого карабастан республика боюнча бардык мектептерди 15-сентябрга өткөргүлөрү келип жатат. Бул кыязы студенттерге да тиешелүү болот. Бала бакчалар кандай болору белгисиз. Балким, бала бакчаларды калтырышы мүмкүн, бирок бул логикага сыйбайт», — деп бөлүштү депутат.
Эскерте кетсек, Билим берүү министрлиги беш күндүк окуу жумалыгынан тышкары алты күндүктү да караган токтом долбоорун демилгелеген.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий