Анын айтымында, тараптар платформанын иши, учурдагы тренддер, ошондой эле TikTok’тун башка өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен өз ара кызматташуусу тууралуу сүйлөшүшкөн.

Бекешев Кыргызстанда бул сервистин ишине коюлган чектөөлөрдү алып салууну колдой турганын билдирди. Ал жүйө катары ушундай эле мазмундагы контент башка популярдуу платформаларда да бар экенин белгиледи.

«TikTok’тогу бардык контент Ютубда да, инстрагаммда да бар. Каалоо болсо, дал ушундай эле контентти тапса болот. Андыктан бөгөттөөнүн эч кандай мааниси калбай калды», — деп эсептейт депутат.

Ал ошондой эле TikTok чакан жана орто бизнести алдыга жылдыруу үчүн натыйжалуу аянтча экенин жана Кыргызстандын туристтик дараметин популярдуу кылуу үчүн колдонулушу мүмкүн экенин белгиледи.

«Биз туризмди өнүктүрүп жатабыз да. Тескерисинче, бул социалдык тармакта өлкөбүздү даңазалоо биз үчүн пайдалуу болмок деп ойлойм», — деди Бекешев.

Эске салсак, Кыргызстанда TikTok социалдык тармагына кирүүгө 2024-жылдын 18-апрелинде чектөө коюлган. Провайдерлер платформаны УКМКнын кайрылуусунун негизинде чыгарылган Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын көрсөтмөсүнөн кийин бөгөттөй башташкан. Бийлик бул чечимди балдарды зыяндуу контенттен коргоо жана балдардын коопсуздугу тууралуу мыйзамдарды сактоо зарылчылыгы менен түшүндүргөн.