- Министерство транспорта и коммуникаций Кыргызстана выпустило экстренное предупреждение из-за резкого изменения погоды.
- 2-6 июня ожидаются нестабильная погода и ливни, что может вызвать сели в горных и предгорных районах.
- Водителям рекомендовано соблюдать осторожность и учитывать погодные условия перед выездом.
- Местным жителям и гостям советуют быть особенно осторожными у рек, ущелий и в зонах высокого риска селей.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 2-6-июнь күндөрү аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Министрлик айдоочуларга автоунаа жолдорунда жүргөндө этият болуу, жолго чыгаарда аба ырайынын шарттарын алдын ала эске алуу зарылдыгын белгиледи.
Ал эми жергиликтүү тургундарга жана конокторго дарыя жээктерине, капчыгайларга жана сел жүрүү коркунучу жогору болгон аймактарга жакын жайгашкан калктуу конуштардын жашоочулары өзгөчө сак болушу керектигин эскетти.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий