- В районе рудника Кумтор впервые зафиксирован Тянь-Шаньский белокоготный медведь, занесенный в Красную книгу Кыргызстана.
- Появление редкого хищника свидетельствует о благоприятных условиях для животных на концессионной территории.
- В заповеднике Сарычат-Эрташ насчитывается 17 особей этого вида медведя.
- Ранее в районе Кумтора были замечены лебеди, а у перевала Сёёк — черношейный журавль.
- Охота на Тянь-Шаньского белокоготного медведя строго запрещена.
«Кумтөр» кен аймагында биринчи жолу Тянь-Шань ак тырмактуу аюусу катталды. Бул күрөң аюунун сейрек кездешүүчү түрү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген.
Адистердин айтымында, бул сейрек кездешүүчү жырткычтын пайда болушу кендин концессиялык аймагында жаныбарлардын жашоосу үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөндүгүнөн кабар берет.
«Сарычат-Эрташ» мамлекеттик жаратылыш коругунун маалыматы боюнча, учурда коруктун аймагында Тянь-Шань ак тырмактуу аюусунун саны 17ни түзөт. Буга байланыштуу анын кен иштетүү аймагында катталышы адистер үчүн өзгөчө кызыгууну туудурууда.
Тянь-Шань ак тырмактуу аюусу мамлекеттик коргоого алынган жана ага аңчылык кылууга катуу тыюу салынган.
Аймактагы башка сейрек кездешүүчү жаныбарлар:
Буга чейин «Кумтөр» аймагында узак убакыттан бери көрүнбөй кеткен ак куулар кайрадан байкалган.
Жакында эле кендин жанындагы Сөөк ашуусунун аймагында Кыргызстанда биринчи жолу дүйнөдөгү эң сейрек кездешүүчү турналардын бири — кара моюндуу турна катталган.
Мындай сейрек кездешүүчү жаныбарлар Борбордук Тянь-Шандын бийик тоолуу райондорунда алардын жашоосу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар бар экендигин тастыктайт.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий