Бул процедуранын башкы максаты — жогорку окуу жайларына тапшырууда ачык-айкындуулукту, калыстыкты камсыз кылуу жана коррупциянын алдын алуу болуп саналат.

Компьютердик дискке жазуу — бул абитуриенттердин бардык жооп баракчаларын, «ачкычтар» түзүлө электе жана жыйынтыктар чыгарыла электе, электрондук маалымат базасына киргизүү процесси. Жооптор Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана КР Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин өкүлдөрүнүн катышуусунда жазылат.

БББОУБдан түшүндүрүшкөндөй, диск эл аралык банктын сейфтик уячасына жайгаштырылат. Банк уячасынын ачкычтары борбордун кызматкери болбогон эки адамда сакталат. Адатта, алар Илим министрлигинин жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү болушат. Бул уячаны ачуу үчүн аталган эки адамдын, ошондой эле БББОУБдун өкүлүнүн жана банк кызматкеринин бир убакта катышуусу талап кылынат. Уячанын ар бир ачылышы боюнча банктын журналына жазуу киргизилет. Диск Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу процесси толугу менен аяктаганга чейин банкта сакталат.

«Абитуриенттердин жоопторунун электрондук базасы — бул өзгөртүүгө мүмкүн болбогон жана берилген сертификат менен ар дайым салыштырып текшерүүгө боло турган эталон. Ушундай жол менен маалымат базасындагы упайларды өзгөртүү жана жасалма упайлар менен сертификат берүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат», — деп баса белгилешти борбордон.

Эске салсак, 2026-жылдан тарта ЖРТнын жыйынтыктары жогорку окуу жайларына гана эмес, колледждерге кирүү үчүн да милдеттүү болуп калды.

Бул жылы тестке 64 миңден ашык абитуриент катталды. ЖРТнын алгачкы эки этабы аяктады. Ал эми кечиккендер үчүн тест 19-21-июнда өткөрүлөт.