- Кыргызстан вышел из черного списка авиационной безопасности ЕС.
- Ведутся переговоры с Германией и Польшей о возобновлении авиарейсов.
- Государственная авиакомпания Asman Airlines приобрела самолеты Airbus A321 для полетов в ЕС.
- Кыргызстан продолжает совершенствовать внутренние авиационные правила и отчитываться перед Еврокомиссией каждые полгода.
- Выход из черного списка повышает престиж страны и привлекает инвестиции.
Анын айтымында, маселен, Германиянын Транспорт министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
«Биз мурда Германия Федеративдүү Республикасына болгон каттамдарды жандандырууну каалайбыз. Ошондой эле Польшанын авиакомпаниялары менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мындан сырткары, биздин Asman Airlines мамлекеттик компаниябыз Европа биримдигине каттамдарды аткара ала турган Airbus A321 тибиндеги аба кемелерин сатып алды. Бул учактардын келишин күтүп жатабыз жана ал жакка уча баштайбыз», — деди Данияр Бостонов.
Ал белгилегендей, учурда эл муну түз каттамдар жөнүндө гана деп ойлошу мүмкүн, бирок бул «айсбергдин чокусу гана».
«Бул маселе өзүнчө абдан олуттуу жана өлкөнүн аброюна, анын ичинде жарандык авиация чөйрөсүнө гана эмес, жалпы эле инвестиция тартууга таасирин тийгизет. Инвестиция тартуу боюнча эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз жана бул бир гана Европа биримдиги эмес, Жакынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү жана башкалар», — деп кошумчалады Данияр Бостонов.
Ченемдик укуктук ишмердүүлүккө токтолсок, Кыргызстан жарандык авиация тармагындагы документтерди эл аралык документтер менен шайкеш келтирүүнү жана киргизүүнү улантат.
«Биз бир орунда турбайбыз — өзүбүздүн ички нускамаларыбызды жана жоболорубузду да өркүндөтүп жатабыз. Эң негизгиси — кара тизмеден чыккандан кийин үч жыл боюу ар бир алты ай сайын Еврокомиссияга аудиттен кийин алар көргөн коопсуздук деңгээлин кантип сактап жатканыбыз тууралуу отчет берип турушубуз керек. Биз дагы деле кунт коюп көзөмөлдөө алдында турабыз», — деп баса белгиледи Данияр Бостонов.
Эске салсак, Кыргызстан Европа биримдигинин авиациялык кара тизмесинен чыкты. Акыркы 20 жылда биринчи жолу ата мекендик авиаташуучулар Европага учуу укугуна ээ болушту.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий