- Более 1,6 млн человек прошли бесплатное тестирование на гепатиты B и C с 2023 по сентябрь 2025 года
- В Кыргызстане 6141 пациент с гепатитом C проходит лечение
- Распространенность хронического гепатита B составляет 3,3%, гепатита C — 2,3%
- Поступило 750 тыс. доз вакцины против гепатита B
- Лечение гепатитов B и C проводится за счет государства
2023-жылдан тартып 2025-жылдын 1-сентябрына чейин 1,6 миллиондон ашык адам акысыз тестирлөөдөн өткөн. Учурда В гепатити менен ооруган 4 миң 918 бейтап, В жана D гепатити менен 2 миң 473 бейтап, ошондой эле С гепатити менен ооруган 6 миң 141 бейтап дарыланып жатат.
Кантип жана кайдан текшерилсе болот?
Акысыз тестирлөө: Вирустук В жана С гепатиттерине акысыз анализ тапшыруу жашаган жердеги Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ) жана Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда жеткиликтүү. Анализдин жыйынтыгы оң чыккан учурда бейтап тактоочу текшерүүгө жана дарылоого жөнөтүлөт.
Акысыз эмдөө: Программанын алкагында 24 жаштан 65 жашка чейинки чоңдор, ошондой эле буга чейин эмдөөдөн өтпөгөн бардык жарандар акысыз эмделе алышат. Вакцина 3 этап менен (0—1—6 айлык схема боюнча) сайылат жана узак мөөнөттүү коргоону камсыз кылат.
Маалыматка ылайык, буга чейин өлкөгө В гепатитине каршы 750 миң доза вакцина келген, бул калкты иммундаштыруу менен камтууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Эскерте кетсек, В жана С гепатиттерин дарылоо мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт. Ага адистердин консультациясы, лабораториялык изилдөөлөр, вируска каршы дары-дармектер жана терапиянын натыйжалуулугун көзөмөлдөө кирет.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий