- Кыргызстанский пловец Денис Петрашов завоевал бронзовую медаль на международном турнире TYR Pro Series в Индианаполисе.
- Он занял третье место в заплыве брассом на 50 метров с результатом 27,05 секунды.
- Ранее на этом же турнире он выиграл золото на 200 метров и серебро на 100 метров брассом.
- В предварительном заплыве Петрашов показал 27,58 секунды и занял 5-е место, пройдя в финал.
- Всего в соревнованиях участвовало 50 спортсменов.
Фото Архивден алынды. Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча эл аралык TYR Pro Series мелдешинде коло медаль утту
Индианаполис шаарында брасс ыкмасы менен 50 метрлик аралыкка сүзүү боюнча мелдеш өттү. Ага жалпысынан 50 спортчу катышты. Алдын ала жарышта Денис Петрашов 27,58 секунддук жыйынтык менен 5-орунду ээлеп, финалга жолдомо алган.
Ал эми финалдык жарышта ал аралыкты 27,05 секундда сүзүп өтүп, үчүнчү орунду ээледи жана коло медалга ээ болду.
Буга чейин Денис Петрашов ушул эле мелдеште брасс ыкмасы менен 200 жана 100 метрлик аралыктарда тиешелүү түрдө алтын жана күмүш медалдарды багындырган болчу.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий