Анын айтымында, мамлекеттик комитетте түзүмдүк жана тутумдук өзгөрүүлөр уланууда.

«Учурда 96 кызматкер жумуштан четтетилди, дагы 24 кызматкерге карата кылмыш иши козголду. Өзүбүз козгогон башка иштер дагы бар», — деп белгиледи Алишер Эрбаев.

Депутат өлкө жарандары УКМКнын ишиндеги позитивдүү өзгөрүүлөрдү күтүп жатышканын белгиледи.

«Бизге мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин иш-аракеттерине нааразы болгон көптөгөн арыз-даттануулар түшүүдө жана эл ага карата реакция жасалышын күтүп жатат»

, — деди Элвира Сурабалдиева.

Алишер Эрбаев кошумчалагандай, Башкы прокуратурага 386 арыз түшкөн жана учурда алар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.