Кофени гана эмес (анын ичинде муздак кофени да), кара чайды да чектөө зарыл. Кофеин организмдеги суюктукту сыртка айдап чыгат. Ал эми бул суусузданууга алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, бул заттын таасири астында жүрөктүн иштеши күчөп, миокарддын жыйрылышы күчтөнүп, тездейт. Аптап өзү эле жүрөк менен кан тамырларга олуттуу күч келтирет, андыктан кофеини бар суусундуктарды ичип, отко май тамызуунун кереги жок. Алтернатива катары ар кандай чөп чайларды, морсторду, табигый ширелерди жана, албетте, сууну колдонсо болот. Мисалы, өрүктүн кагы менен алмадан жасалган компот ысыкта дароо азайып кетүүчү калийдин жана С витамининин ордун толтурууга жардам берет.

Эгер суу денеге жагымдуу температурада болсо, сага бөлмөнүн ичи анчалык ысык эместей сезилет. Организм жылып, тердөө процесси башталат жана дене муздайт. Ошондой эле ийинге же чекеге нымдуу сүлгү басуу да сергитүүгө жардам берет. Сүлгү кургап калганда, бул ыкманы кайталаса болот.

3. Ачык түстөгү табигый кездемеден тигилген кийимдерди кий

Ачык түстөр күн нурун чагылдырат, ал эми күңүрт түстөр, тескерисинче, аны өзүнө сиңирип алат. Жайкы кийим тандап жатканда анын курамына көңүл бур: штапель, пахта, зыгыр кездемелери абаны жакшы өткөрүп, дененин дем алышына шарт түзөт. Ошондой эле кыймыл-аракетти чектебеген, кенен тигилген кийимдерге артыкчылык берүүнү сунуштайбыз.

Аптапта сууланган шейшептер абдан жакшы жардам берет: ысык аба нымдуу кездеме аркылуу өткөндө муздай түшөт. Ошондой эле терезелерди жалюзи же пардалар менен жаап коюуну сунуштайбыз. Мындай учурда бөлмө азыраак ысыйт.

5. Колдо бар каражаттардан кондиционер жасап ал

Үйүңдө сөзсүз түрдө желдеткич табылса керек. Эң эле болбоду дегенде, аны арзан баада сатып алса болот. Бөлмөнүн ичиндеги ысык абаны жөн эле айлантуу — чечим эмес. Бир нече секундга гана салкындай түшкөнүң менен, бөлмө эч кандай муздабайт. Желдеткичтин ишин натыйжалуу кылуунун жолун эстеп кал: анын алдына идишке салынган муз же тоңдурулган суусу бар бөтөлкөлөрдү коюп кой.