Маалыматка ылайык, кызматкерлер көлдүн акваториясын мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлордон тазалашты.

Рейддин жүрүшүндө 37 миң метр мыйзамсыз балык уулоочу тор алынган. Иш-чаралар Соң-Көл көлүнүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ресурстарды коргоого жана суу сактагычтын мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталган.

Учурда Соң-Көл көлүн мыйзамсыз уулоо куралдарынан тазалоо жана анын мелиоративдик абалын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда.