Ит дарыянын жээгинде болгон, бирок бийик тосмо тоскоолдук кылып, өз алдынча чыга албай жаткан.

Кыздар алгач Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чалышкан, ал жерден кайгуул милициясына кайрылууну кеңеш кылышкан. Окуя болгон жерге Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкери Эрмек Асангазиев келген. Ал дарыянын нугуна түшүп, итти өйдө көтөрүп, жаныбарды аман-эсен куткарып калган.