«Түндүк» мобилдик тиркемеси, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы жана Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу кирүүчү башка сервистер 10-июль саат 21:00дөн 11-июль саат 10:00гө чейин убактылуу жеткиликсиз болот. Бул тууралуу «Түндүк» ААКтан билдиришти.

Фото «Түндүк» ААК. «Түндүк» тиркемеси жана мамлекеттик санариптик сервистер убактылуу иштебейт

Чектөөлөр Бирдиктүү идентификациялоо системасында пландалган техникалык жумуштарды жүргүзүүгө байланыштуу экени белгиленет.