«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы Башкы прокуратуранын дээрлик 138 миллион сомдук зыян тууралуу маалыматы боюнча 24.kg сайтына түшүндүрмө берди.

Мамлекеттик ишкананын маалыматы боюнча, аныкталган мыйзам бузуулар жана талап кылынбаган дары-дармектердин бар экендиги «Кыргызфармациянын» жетекчилиги тарабынан түздөн-түз демилгеленген ички инвентаризациянын жүрүшүндө белгилүү болгон.

«Бул иш ишкананын өз демилгеси болгон жана колдо бар товардык-материалдык дөөлөттөрдүн иш жүзүндөгү абалын аныктоо, алардын эсебин камсыз кылуу жана мүмкүн болгон мыйзам бузууларды табуу максатында жүргүзүлгөн. Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы аныкталган материалдарды тийиштүү текшерүү жүргүзүү, укуктук баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү үчүн Башкы прокуратурага өз алдынча жана ыкчам түрдө жөнөткөн.

Ошентип, ишкана аныкталган фактыларды жашырбай жана көңүл буруусуз калтырбай, тескерисинче, аларды документтештирип, калыс укуктук баа берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүүнү камсыз кылды», — деп белгилешти ишканадан.

Мекемеден жетекчилик укук коргоо органдары менен ачык кызматташып жатканын, бардык зарыл маалыматтарды бергенин, ошондой эле дары-дармек каражаттарын эсепке алуу жана келечекте мындай кырдаалдарга жол бербөө үчүн чараларды көрүп жатканын ишендирип кетишти.